19
Март
Премьер-министр Темир Сариев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге Ростов-на-Донудагы учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге Ростов-на-Донудагы адам өлүмү менен коштолгон «Boeing 737-800» учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.
«Ростов-на-Донудагы жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көптөгөн адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», — деп айтылат Өкмөт башчынын көңүл айтуусунда.
Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан авиакырсыкта каза болгондордун жакындарына жана тууган-туушкандарына көңүл айтып коюуну өтүнгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү