23
Март
Премьер-министр Темир Сариев Бельгиянын Премьер-министри Шарль Мишелге Брюссел шаарындагы террористтик актыга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бельгиянын Премьер-министри Шарль Мишелге Брюссел шаарындагы террористтик актка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
«Урматтуу Премьер-министр мырза, бейкүнөө адамдар каза болгон жана жараат алган Брюссел шаарындагы террористтик актыга байланыштуу көңүл айтам. Терроризмдин кеңири жайылышы дүйнөнүн баардык өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурууда. Кыргызстан эл аралык коопсуздукка коркунуч келтирген терроризм жана экстремизмди кескин түрдө айыптайт. Ушул кайгылуу күндөрдө жакынын жоготкон адамдардын аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жараат алгандарга тез сакайып кетишин тилейбиз», - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең көңүл айтуу менен жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн тиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү