14
Март
Премьер-министр Темир Сариев Түркиянын Премьер-министри Ахмет Давутоглуга Анкарада болгон террористтик актыга байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Түркия Республикасынын Премьер-министри Ахмет Давутоглуга Анкара шаарында болгон террористтик актыга байланыштуу көңүл айтты.
“2016-жылдын 13-мартында Анкара шаарынын борборунда болгон, көптөгөн адамдарды курмандыкка алып келген террористтик акт тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым”, - деп айтылат Өкмөт башчысынын көңүл айтуусунда.
Премьер-министр Темир Сариев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишине тилектештигин билдирип коюуну өтүндү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү