27
Июнь
2015
Премьер-министр Темир Сариев социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин баяндамасын укту
Бүгүн, 26-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин балдарга карата катаал мамиленин алдын алуу жана жоюу боюнча чаралар тууралуу баяндамасы угулду.
Кудайберген Базарбаев белгилегендей, КР социалдык өнүктүрүү министрлигинин демилгеси боюнча алдын алуучу иштер аткарылган, анын алкагында балдарга карата катаал мамиленин алдын алуу жана жоюу боюнча Өзгөчө чаралар планынн бекиткен 11 министрлик жана ведомство тарабынан биргелешкен буйрукка кол коюлган.
Аталган буйрукка ылайык, бардык шаар жана райондордо Балдар иштери боюнча комиссиянын базасында балдарга карата катаал мамиленин алдын алуу жана жоюу боюнча Өзгөчө чаралар боюнча штабдар түзүлгөн. Жалпысынан алганда республика боюнча 528 штаб түзүлүп, анын 44ү – райондордо, 31и – шаарларда жана 453ү айылдык аймактарда түзүлгөн.
Кудайберген Базарбаев өз баяндамасында маалымдагандай, Биргелешкен буйрук жана Планды ишке ашыруу алкагында жер-жерлерде балакатка жете элек балдарлуу үй-бүлөлөрдү ар айлык мониторингдөө жүргүзүлүп, калк арасында балдарга карата зомбулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кудайберген Базарбаев Премьер-министр Темир Сариевдин ата-энелердин камкордугусуз калган балдардын саны тууралуу суроосуна жооп берүүдө учурда Планды ишке ашыруу алкагында 198 миң 523 балдарлуу үй-бүлөнү үймө-үй кыдыруу жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында төмөнкү фактылар аныкталган:
- камкордуксуз калган балдардын саны –16 миң 680;
- ички мигранттардын балдары – 16 миң 452;
-тышкы мигранттардын балдары – 16 миң 236;
- мектепте окубай калган балдар – 5 миң 363;
- мектепке барбаган балдар – 59;
- иштеген балдар – 1 миң 646;
- жайсыз үй-бүлөлөр – 1 миң 208;
- зомбулукка кабылган балдар – 29;
- зордукка кабылган балдар – 9;
Өз кезегинде Темир Сариев мамлекеттик органдардын балдарга карата зомбулукка каршы ишинин начар координациясын белгилеп, бир катар министрлик, ведомство, мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткара албагандыгы үчүн сөгүш жарыялады. Ошондой эле Өкмөт башчы аталган маселе боюнча киргизилген долбоорду толуктап иштеп чыгууну жана сын-пикирлерди эске алуу менен Өкмөттүн кароосуна алып кирүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү