06

Январь

2016

Премьер-министр Темир Сариевдин Жумгал районуна иш сапары башталды

Бүгүн, 6-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Нарын облусунун Жумгал районуна иш сапары башталды.

Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы 2015-жылдын 7-декабрында орун алган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери жана аталган айылдагы уран калдыктарын сактоочу жайдын абалы менен таанышат.

Ошондой эле Чаек айылындагы 2015-жылы жүргүзүлгөн жол куруу иштеринин жыйынтыктары жана 2016-жылга коюлган милдеттер боюнча көчмө жыйын өткөрөт. Муну менен катар райондогу социалдык обьекттер менен таанышмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү