19
Ноябрь
Темир Сариевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен Түркиянын Премьер-министри Ахмет Давутоглу куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин дарегине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышына карата чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолор келүүдө.
Тактап айтканда, Түркия Республикасынын Премьер-министри Ахмет Давутоглу куттуктоо жолдоду.
“Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына кайрадан дайындалышыңыз менен сын жүрөктөн куттуктадым келет. 2015-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасы демократиялык стандарттарга ылайык парламенттик шайлоолорду жана Өкмөттү түзүүнүн жол-жоболорун толугу менен ийгиликтүү өткөрдү. Парламенттик демократия Кыргыз Республикасында тез өнүгүп, өлкөнүн гүлдөп өсүшүнө салым кошуп жатканын канааттануу менен байкап турам”, - деп белгиленетТүркия Республикасынын Премьер-министринин куттуктоосунда.
Ахмет Давутоглу Темир Сариевге ден-соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык жана өнүгүү каалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү