30

Апрель

2018

Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Премьер-министри Бинали Йылдырым Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу Премьер-министр,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Сиздин жетекчилигиңиз астындагы Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтүнүн бекитилишне байланыштуу чын ниеттен чыккан куттуктоомду билдирүүгө уруксаат этиңиз.

Биздин элдерибиз ортосундагы достук жана бир туугандык байланыштар, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы тыгыз кызматташтык Сиздин жетекчилигиңиз учурунда мындан ары карай өнүгө берээрине ишеним билдирем. Учурдан пайдаланып, Сизге ден-соолук жана бакыт, ал эми бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү