16

Август

2017

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов: Кыргызстан Өзбекстан үчүн жакын кошуна, ишенимдүү жана келечектүү өнөктөш

Кыргызстан Өзбекстан үчүн жакын кошуна, ишемнимдүү жана келечектүү өнөктөш. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов бүгүн, 16-августта, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.

«Биздин өлкөлөрдүн жолу бир, тыгыз байланышкан жана жалпы тарыхы, каада-салты, маданияты рухий мааниге ээ. Биз бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен, жакшы кошуналык жана өз ара урмат-аклакка боюнча иштиктүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз», — деди Өзбекстандын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов.

Ал 2016-жылы кыска мезгил ичинде биргелешкен күч-аракеттер аркылуу бир кыйла активдүү иштер жүргөнүн жана  өзөктүү багыттар боюнча кыргыз-өзбек эки тараптуу карым-кубатка ээ экендигин баса белгиледи.

«Бул негизинен биздин президенттер ортосунда дайыма байланыштардын аркасы менен мүмкүн болууда. Биздин президенттер кыргыз-өзбек мамилелерин толугу менен жаңы барагын ачышты», — деди Абдулла Арипов.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөт башчысы 8 жылдык тыныгуудан кийин Өкмөт аралык комиссиясынын бүгүнкү жыйынын өткөрүү, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын кылдат талдоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп эсептелерин,  аларды жайылтуу боюнча практикалык иш-чараларды иштеп чыгуу керек экенин белгиледи.

«Биз соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Тышкы соода жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге жогору жана дайыма биздин өндүрүүчүлөрдүн жана алардын өнөктөрүнүн пайда көбөйөт деп үмүттөнөбүз», —деди Абдулла Арипов.

Ал ошондой эле Өзбекстанда унаа, мунай-газ, даары-дармектер, эл керектөөчү электроника жана курулуш материалдары катары жаңы жогорку бир катар технологиялык тармактарда кеңири пайдаланып жаткандыгын билдирди.

Маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча, Абдулла Арипов өзбек бийликтери бул багытын өнүктүрүү боюнча бардык күч аракетин жумшай тургандыгын айтты.

«Бул жылы биз Кыргызстанда өзбек маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштайбыз. 2018-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү керек. Биз фильм китепкана жана башка маданий тармактарда да кызматташып, кино жумалыктарын уюштуруубуз зарыл», — деди Абдулла Арипов.

Жолугушуунун аягында Абдулла Арипов болуп өткөн сүйлөшүүлөр жаңы алакалардын башталышы болуп каларын билдирди.

«Биз эки тараптуу жолугушуу жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жоюп, бирдей багытта өнүгүүбү зарыл. Ал үчүн бардык шарттар бар», — деди Өзбекстандын Өкмөт башчысы.

[su_carousel source="media: 101737,101738,101739" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү