23

Май

2018

Вьетнамдын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Вьетнам Социалисттик Республикасынын Премьер-министри Нгуен Суан Фук Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктоолорду кабыл алыңыз.

Сиздин жетекчилигиңиз менен жаңы өкмөт Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн, анын аймактардагы позициясынын жогорулашын шарттайт жана Вьетнам менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелерди жана Вьетнам жана Евразия экономикалык союзунун ортосундагы эркин соода тууралуу Келишимди натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо боюнча эки элдин кызыкчылыгында, аймактагы жана дүйнөдөгү тынчтык, өнүгүү үчүн жемиштүү кызматташууларды мындан ары бекемдейт деп ишенем.

Учурдан пайдаланып Сизге бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизде бардык ийгиликтерди каалайм», - деп белгиленет билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү