20
Июль
Кыргызстан жана Казакстандын Премьер-министрлери Алматы — Чолпон-Ата жолун куруу тууралуу макулдашты
Бүгүн, 19-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушуу учурунда Алматы — Чолпон-Ата жолун куруу маселесин көтөрдү.
«Учурда Алматы-Тамчы түз авиакаттамы иштейт, бирок ал аздык кылууда. Биз Алматы — Чолпон-Ата жолун куруубуз керек. Жол Кемин, Михайловка аркылуу өтөт. Биздин органдарга бул маселени иштеп чыгуу тапшырмасын берүүгө болоор эле. Биз тараптан Кеминге дейре (Бишкек-Нарын-Торугарт) жол салынган. Жол улантылса, ортодогу аралык болгону 250 км түзөт. Казакстандыктар Ысык-Көлгө 2,5 саатта жетүүгө мүмкүндүк түзүлөт», — деп белгиледи Темир Сариев.
Казакстан Премьер-министри Карим Масимов тийиштүү мамлекеттик органдарга автотрассаны куруу маселесин тездетүү тапшырмасын берди. «Менин пикиримде, бул - жакшы ой. Биз адамдардын бул жол аркылуу жөө ашып өтүүсү үчүн өкмөт аралык келишимге кол коюу тууралуу макулдаштык», — деп кошумчалады Карим Масимов.
Ошондой эле Өкмөт башчы Темир Сариев казакстандык жарандарды Ысык-Көлгө тез-тез каттоого чакырды. Буга жооп кылып, Казакстан Премьер-министри белгилегендей, студент кезден тарта Көлгө алгач ирет жөө ашып келгендигин билдирди. «Мен унаа аркылуу өтпөстөн, Ысык-Көлгө жөө басып жеттим. Чекараны Хан-Теңири аркылуу ашып түштүм. Кыргызстан ЕАЭБ кошулууда, демек, биздин чекаралар ачылат. Менин ишенимимде, мен сыяктуу казакстандыктар дагы Ысык-Көлгө жөө ашып өтүүгө мүмкүндүк түзүлөт»,- деп белгиледи Карим Масимов.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Темир Сариев Казакстан Республикасынын Өкмөт башчысы менен казак көмүрүн үзгүлтүксүз берүү тууралуу макулдашты. «Учурда Токтогул суу сактагычында суу топтолууда. Мындан тышкары, биздин өлкөлөр ортосунда электр энергиясын сатуу боюнча өз-ара пайдалуу келишим бар, биз аны аткаруудабыз. Бирок биз сиздин вагондор боюнча тапшырма берүүңүздү каалар элек. Энергетиктер 900 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча келишим түзгөн, түзүлгөн графиктин сакталышы түзүк болоор эле, биздин энергетиктер мурунтан билдирме берип турушат», — деп кошумчалады Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү