27
Сентябрь
«АзияУниверсалБанк» ААК акционери М.Наделдин Кыргыз Республикасына каршы арбитраждык иши боюнча пресс-релиз
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору маалымдагандай, Кыргыз Республикасы «АзияУниверсалБанк» (мындан ары «АУБ») ААК Директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Михаил Наделдин АУБдагы анын акцияларын улутташтыргандыгы үчүн 450 миллион АКШ доллары суммасындагы компенсацияны талап кылган Лондон шаарындагы (Великобритания) эл аралык арбитраждык арызы боюнча өндүрүштү токтотууга жетишти.
2012-жылдын 25-сентябрында ЮНСИТРАЛ Арбитраждык Регламенти боюнча берилген өз арызында М. Надель АУБдагы КРУБ жетекчилигинин убактылуу киргизилишин жана АУБдун улутташтырылышын мыйзамсыз деп таанууну жана Кыргыз Республикасынан АУБдун ага тийиштүү деп эсептелген 450 млн АКШ доллары суммасында баалаган акциясынын 59% улутташтырылгандыгы үчүн компенсация өндүрүүнү талап кылган.
2016-жылдын 21-сентябрында Лондондо үч арбитраждык курамдын – британ адвокаты В.В. Видердин, укук боюнча француз профессору Бригитт Стерндин жана укук боюнча америкалык профессор Артур Ровиндин төрагалыгы астында өткөн отуруму М.Надель тараптан арбитраждын процессуалдык буйруктарын аткарбагандыгынын негизинде өндүрүштү токтотуу чечими кабыл алынган.
Кыргыз Республикасы учурда М. Наделден Кыргыз Республикасы тарткан юридикалык чыгымдарын өндүрүп алуунун үстүнөн иш жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын ушул иш боюнча эл аралык арбитраждык өндүрүштө «King & Wood Mallesons» эл аралык юридикалык фирмасы жана «Сатаров, Аскаров и Партнеры» жергиликтүү юридикалык фирмасы коргоду.
Эскерте кетсек аталган арбитраждык иш Кыргыз Республикасына каршы АУБ мурдагы акционерлери, АУБ улутташтыруу мыйзамсыз болгонун жана андагы акциялардын ордун толтуруу талабы менен козголгон үчүнчү (бүгүнкү күнгө карата акыркы) иш болуп эсептелет.
Мурдагы эки процесс (Надель мырза АУБ миноритардык акцинерлери менен биргеликте негиздеген америкалык инвестор Левитис жана америкалык компания Ithaca Holding тарабынан козголгон) Кыргыз Республикасы кетирген чыгымдарга каршы инвесторлордун доо арызын кайтарып алуу менен жыйынтыкталган.