15
Май
Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет
Санариптик телеберүүгө өтүүдө Ош облусунун аймагында жаралуусу мүмкүн болгон маселелерди ыкчам чечүү жана жарандарга түшүндүрүү, жардам берүү иштерин жүргүзүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү.
2017-жылдын 15-майынан тартып аналогдук теле берүүлөр өчүрүлүп, санариптик телеберүүгө өткөнүнө байланыштуу Ош облусунун аймактарында түшүндүрүү иштери улантылат. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Махаммадовго тапшырылды.
Ош облусунун аймагында санариптик телеберүүгө өтүү Программасын ишке ашыруу, жер-жерлерде мүмкүн болгон маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча штабдын курамы:
1. Махаммадов А. М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары (0770000059)
2. Мөнөкбаев Р. Б.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (0559091260)
3. Арзыкулов Ө. А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу- инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы (0770885025)
4. Балтабаев А. Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (0555900018)
5. Кармышак уулу Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (0772003334).