15

Май

2017

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет

КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасына ылайык Баткен облусунда өлкөнүн санариптик телерадиоберүүгө өтүүсүнө байланыштуу техникалык маселелерди жеринде чечүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев өлкөнүн санариптик телерадиоберүүгө өтүүсүнө байланыштуу жыйын өткөрдү. Жыйында райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары, облустук структураларынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлер катышты. Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев бүгүнкү күндүн талабы калктын маалыматка жеткиликтүүлүгүн толук камсыз кылуу керектигин белгилеп, тиешелүү кызматтарга 2017-жылдын 15-майынан тартып аналогдук телеберүү өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Баткен облусунун жашоочулары кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылса болот:

1. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси – Чынара Тажибаева Тел:0770 105 333, 0555 816 331;

2. Радиорелейлик станциялардын түштүк башкармалыгынын аймактагы өкүлдөрү (ТУРМ-1): Баткен шаары жана Баткен району – Азамат Амиров. Тел:0550 905 838 Лейлек району Сүлүктү шаары – Пардабай Бабраимов. Тел: 0770 533 005 Кадамжай району жана Кызыл-Кия шаары - Ырысбаев Азиз. Тел: 0550 186 053

3. Баткен райондук мамлекеттик администрациясы (РМА) Баткен РМА башчысынын биринчи орун басары - Таалайбек Ибраимов. Тел: 0772 070 303 4. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы (РМА) Кадамжай РМА башчысынын биринчи орун басары - Жаныбек Исаков. Тел:0772 923 398, 0552 923 398

5. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы (РМА) Лейлек РМА башчысынын биринчи орун басары - Абдикасыт Исаев. Тел: 0772 326 369

6. Баткен шаардык мэриясы Биринчи вице-мэр Мамасыдык Султанов. Тел: 0777 450 005

7. Кызыл-Кия шаардык мэриясы Биринчи вице-мэр Адилжан Гапаров. Тел: 0772 232 324

8. Сүлүктү шаардык мэриясы Биринчи вице-мэр Бавабек Ташев. Тел: 0773 121 962