08
Октябрь
2017
Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөткөн бирдиктүү порталынын жана “Маалымат күркөлөрүн” ишке ашыруу долбоорунун ачылышы башка күнгө жылдырылды
Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровдун жол кырсыгынан улам каза болгондугуна байланыштуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 2017-жылдын 9-октябрына белгиленген Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөткөн бирдиктүү порталынын жана “Маалымат күркөлөрүн” ишке ашыруу долбоорунун ачылышы башка күнгө жылдырылды.
Ачылыш өтүүчү жайдын ордун жана убакытын алдын ала маалымдайбыз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү