25
Июнь
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинде “Балдар үчүн ишеним телефону” түзүлөт
Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кол койгон.
Тактап айтканда, токтомго ылайык, Балдар үчүн ишеним телефонун түзүүнүн негизги максаты катары балдар жана алардын ата-энелери, ошондой эле кыйын турмуштук кырдаалда калган балдардын мыйзамдык өкүлдөрү үчүн ыкчам психологиялык, маалыматтык, педагогикалык жана социалдык — укуктук көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.
Мында аталган телефон боюнча түшкөн бардык маалымат сыр түрүндө сакталып, көмөк акысыз түрдө көрсөтүлөт.
Телефондун иш алып баруусундагы негизги багыт катары балдардын укугун коргоо жана анын коопсуздугун камсыздоо эсептелет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү