02

Июнь

2017

Юстиция министрлигинин алдында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин алдында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор түзүү» тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында чыгарылды.

Токтомго ылайык, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга муктаж болгон адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана жарандык коомдун башка институттары менен биргеликте жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аӊ-сезимин өнүктүрүүгө, калкты укуктук агартууга көмөктөшүү үчүн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор 22 бирдик штаттык саны менен түзүлөт.

Ошондой эле токтом менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдыдагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор жөнүндө жобо да бекитилген.

Кабыл алынган жобого ылайык борбор төмөнкү милдеттерди аткарат:

- Кыргыз Республикасынын муктаж болгон жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө көмөктөшөт;

- келип түшкөн суроо-талаптарга ылайык адвокаттарды дайындайт;

- Борбор менен адвокаттын ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн документтерди берүү менен координаторлордон жана адвокаттардан маалыматтарды текшерүү, мониторинг жүргүзүү, талап кылуу, юридикалык жардамды алуучуларды ж.б анкетирлөө аркылуу адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатын баалайт;

- квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөткөндүгү үчүн адвокатка акы төлөйт;

- адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам боюнча алуучулардын даттанууларын карайт;

- квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү каржылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- жарандарды, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды жана качкындарды мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү системасынын иштеши жөнүндө маалымдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүчү уюумдарга жана адвокаттарга методикалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт;

- Министрликтин аймактык бөлүнүштөрүнүн алдындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун ишин жалпы координациялоону ишке ашырат;

- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү маселелери менен алектенген ЖОЖдор, эл аралык, коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенет.

Бул борбордун түзүлүшү менен мамлекет кепилдик берген юридикалык жардамга муктаж болгондорду физикалык жактардын мыйзам менен корголгон укуктук, эркиндик кызыкчылыктарын эффективдүү корголушун камсыз кылат, ошондой эле көрсөтүлгөн жардамдын сапатын мамлекет тарабынан көзөмөлдөөнүн эффективдүүлүгүн камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү