16

Ноябрь

2017

Өкмөттүн «Жаңы Доорго — 40 кадам» программасынын алкагында 40 стратегиялык демилгени биргелешип ишке ашыруу үчүн Элдик идеялар банкын ишке киргизүү жана эксперттерди кызматташууга чакыруу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири мамлекеттик органдардын ишиндеги ачыктыкты камсыздоо болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы Доорго — 40 кадам» программасы өнүгүүгө карай конкреттүү кадамдар тутуму катары иштелип чыккан. Биздин кадамдар ар-бир жаран менен биргеликте жаңы келечекке карай жалпы багыт болуусун каалайбыз!

Өкмөттүн «Жаңы Доорго — 40 кадам» программасы төмөнкү негизги максаттарга: калктын экономикалык бакубаттуулугуна, социалдык жетишкендигине жана коопсуздугуна жетишүү үчүн 40 стратегиялык демилгеден турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы Доорго — 40 кадам» программасынын алкагындагы алгачкы стратегиялык демилге катары өлкөнүн бардык тармагын камтыган, келечектеги реформалар үчүн маанилүү негиз жана аспап болуп эсептелген «Таза Коом» санариптик трансформациялоонун жалпы улуттук программасы саналат. «Таза Коом» программасы административдик процесстерди жана процедураларды автоматташтыруу аркылуу адамдык фактордун таасирин төмөндөтүү, сапаттуу санариптик мамлекеттик тейлөө көрсөтүү үчүн маморгандар ишине талаптарды жогорулатуу менен мамлекеттик сектордогу коррупцияны жоюуда натыйжалуу аспап болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Жаңы Доорго — 40 кадам» программасын ишке ашыруу ачык-айкын жана өлкөнүн ар-бир жаранынын катышуусунда жүрүүсүнө умтулат.

Бул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү ачык жарыялайт:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы Доорго — 40 кадам» программасын ишке ашырууга катышууну каалаган эксперттер жана консультанттар үчүн Ростер (маалыматтар базасы). Эгерде Сиз 40 кадамдын биринде тажрыйбалуу эксперт болсоңуз, анда биздин формулярды толтуруп, kadam40@mail.gov.kg электрондук дареги боюнча 2017-жылдын 30-ноябрына дейре жөнөтүүңүздү өтүнөбүз
  2. Тигил, же бул стратегиялык демилге (кадам) алкагында ишке ашырылчу Элдик идеялар банкы. Эгерде Сизде өлкөдөгү абалды оңго өзгөртүү жана коомдогу жашоо шартты жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарыңыз болсо, 40 стратегиялык демилгелер тексти менен таанышып, формулярды толтуруп жана 2017-жылдын соңуна дейре бизге kadam40@mail.gov.kg электрондук дарек боюнча жөнөтүүнү өтүнөбүз

Биз бүгүн Кыргыз Республикасынын тарыхында кыргыз элинин ийгиликтүү жана динамикалуу өнүгүүсүнө негиз боло турган, эң башкысы, биргелешкен күч-аракет менен ишке ашырылчу жаңы барак ачылып жаткандыгына ишенебиз!

 Формуляр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү