17
Июнь
Мамлекеттик органдар тараптан Кумтөр кениндеги үзгүлтүксүз иш боюнча кабыл алынган чаралар «Кумтор Голд Компани» ЖАКты экологиялык талаптарды сактоо боюнча милдеттенмелерден бошотпойт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин «Кумтор Оперейтинг Компани» жана «Кумтор Голд Компани» ЖАК карата айлана чөйрөнү булгоосу үчүн акы төлөө жөнүндө доосу боюнча Бишкек шаардык район аралык сотунун 2016-жылдын 3-июнундагы аныктамасына ылайык, камсыздоо чаралары кабыл алынды. Алардын катарында мамлекеттик органдарга экологиялык жана техногендик кесепеттерди болтурбоо максатында Кумтөр кениндеги үзгүлтүксүз ишти камсыздоо боюнча бардык тийиштүү чараларды кабыл алуу, анын катарында экологиялык жана өнөр жай коопсуздугун жана жер казнасын коргоону камсыздоо боюнча чараларды өткөрүү тапшырылган.
Жогоруда көрсөтүлгөн абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык мамлекеттик органдар тараптан ишкананын ишин улантуу үчүн зарыл болгон сот чечимин аткаруу боюнча чаралар кабыл алынат.
Мында сот чечимин аткаруу боюнча чаралардын кабыл алынышы «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКтын экологиялык талаптарды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тараптан көрсөтүлгөн чаралардын аткарылышы боюнча милдеттенмелеринен бошотпойт.
Маалымдама: Мурдараак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги маалымдагандай, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК тараптан мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун аткаруу боюнча чаралар кабыл алынган эмес. Анда белгиленгендей, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оңдуу корутундусу жана башка уруксаат берүүчү документтердин берилиши төмөнкүү себептерге байланыштуу мүмкүн эмес:
- «Кумтор Голд Компани» ЖАК реструктризациялоо долбоорунун алкагында 2015-жылы жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр процесси боюнча, 2014-жылдын декабрь айына чейин, булгануулар боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөтүшү керек болчу, бирок азыркыга чейин көрсөтүлгөн эмес;
- Кыргыз Республикасынын “Жер казнасы жөнүндө” жөнүндөгү мыйзамдын 47-беренесине ылайык “Кумтөр” кенин рекультивациялоо долбоору бүгүнкү күнгө чейин берилген эмес;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы финансылык мекемеде рекультивациялоо үчүн финансылык каркаражаттарды жайгаштыруу жана чогултуу жана үстүбүздөгү жылда толуктоо боюнча чаралар кабыл алынган эмес;
- тереңде жаткан калдыктардын мониторинги жүргүзүлгөн эмес;
- Петров көлүндөгү суунун азайып кетүү коркунучу боюнча иш чаралар жүргүзүлгөн эмес;
- «AMEK» эл аралык компаниясынын сунуштарын аткаруу боюнча расмий жооп кайтарылган эмес;
- азыркыга чейин булгануу тобокелдигин иликтөө жыйынтыгы сунушталган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү