27

Июнь

2015

Кыргыз Республикасынын диний жааттагы Дин саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча 2015-2020-жылдарга карата Иш-аракеттер планы кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын 2015-2020-жылдарга карата Диний саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планынын долбоору каралды.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиев баяндама жасады.

Ал өз сөзүндө белгилегендей, 2014-жылдын 14-ноябрында Президенттин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2015-2020-жылдарга карата диний жааттагы Дин саясатынын концепциясы бекитилген.

Сунушталган План диний жааттагы мамлекеттик саясатты жана мыйзамды жакшыртуу боюнча максаттарды ишке ашырууга багытталган. Иш-аракеттер планы ошондой эле диний экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча маморгандардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Орозбек Молдалиев белгилегендей, сунушталган План алкагында диний экспертиза өткөрүүнүн так критерийлерин иштеп чыгуу каралууда. Планда өзгөчө көңүл диний экстремизмди жайылтууга күрөш жана этностор аралык чыр-чатактар мүмкүндүгүн кыскартуу боюнча чараларга бурулган», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Орозбек Молдалиев кошумчалагандай, Иш-аракеттер планын ишке ашыруу үчүн эл аралык донорлордун түздөн-түз катышуусунда 22, 4 млн сом керектелет.

Өз сөзүнүн соңунда Мамкомиссия директору Өкмөт мүчөлөрүнө айрым диний-билим берүү мекемелеринде түзүлгөн кырдаалга көңүл буруу зарылдыгын маалымдады.

“Айрым окуу-жайлардагы окутуучулар курамы талапка жооп бербейт, айрым учурда балдарга 9 класстык билими жок адамдар таалим берүүдө, анын катарындагылар жаштарды экстремисттик ишмердүүлүккө активдүү тартууга алектенишүүдө», — деп жыйынтыктады Орозбек Молдалиев.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ички иштер министрлигине жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилерине аталган мекемелерде тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берди.

“Эгерде аталган фактылар такталса, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу зарыл», — деп белгиледи Премьер-министр. Өкмөт мүчөлөрүнүн сын-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2015-2020-жылдарга карата дин жаатындагы Дин саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планы кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү