24

Январь

2017

Он бир мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин жаңы курамын шайлоо боюнча сынакка документтерди кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери тууралуу” Мыйзамына ылайык, (мындан ары – Мыйзам) Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде, коммерциялык уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин, министрлик жана адиминистративдик ведомство ишмердүүлүгү тийиштүү тармактын эксперттик коомчулугун төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы курамына шайлоо үчүн сынакка документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 31-январына дейре узартылгандыгын жарыялайт:

- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин КК;

- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин КК;

- Айыл чарба, тамак аш-өнөр жай жана мелиорация министрлигинин КК;

- Тышкы иштер министрлигинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын КК;

- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун КК.

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир мекемеден тигил, же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайлана алат. Бир жак бир гана коомдук кеңештин мүчөсү болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизилчү талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан сунушталуусу, ошондой эле жарандардын өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү жолу аркылуу көрсөтүлүшү мүмкүн.

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер катары Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү, мурда соттолбогон жараны чыга алат жана төмөнкү талаптарга:

1)   Коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин, же административдик ведомство жетекчисине жакын туугандык байланышта болбошу керек;

2)   Коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин, же административдик ведомстводон түз көзкарандылыкта болбошу (лицензия алуучу, контракт негизинде товар ташуучу жана тейлөө көрсөтүүчү болбошу);

3)   Мамлекеттик, же муниципалдык кызматкер болбошу;

4)   Таза ишкер репутациясына ээ болушу;

5)   Тийиштүү министрликтин, же административдик ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча пикири, идеясы болуусу;

6)   Активдүү коомдук ишмердүүлүк жүргүзүүсү, жарандык демилгелер боюнча тажрыйбага ээ болуусу кажет.

Сынакка катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди көрсөтүүсү керек:

1)   жарандын өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүүсү тууралуу арызы, же юридикалык жактын, же жарандар бирикмесинин талапкерди тийиштүү коомдук кеңеш курамына кошуу сунушу менен негиздемелери тиркелген Комиссияга даректелген арызы;

2)   билими, иш тажрыйбасы жана коомдук ишмердүүлүгү, туулган жери, жылы (күнү/айы/жылы, айылы/шаары, району, областы), байланышуу (адрес,тел. номери, электрондук почта), автобиографиялык маалыматы (резюме) сынакка документ берүүгө чейинки 6 айдан берки фотосу көрсөтүлгөн маалыматтар;

3)   талапкердин коомдук кеңешке катышуусун сүрөттөп берүүсү.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

1)   почта индекси 720003, Бишкек ш., Абдымомунов көч. 207 («КР Өкмөт Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү»)

Же электрондук почта аркылуу:

2)   comissionOSKG@yandex.com «коомдук кеңеш сынагына» конкреттүү мамлекттик органды көрсөтүү менен (PDF форматында 5 МB ашык эмес көлөмдө).

“Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери тууралуу” Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген документтерди сунуштаган талапкерлер сынакка киргизилбейт.

Сурап-билүү телефондору: (0312) 96-02-38.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү