08
Август
Discovery Networks Программасы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар
Билим берүү, документалдык жана спорттук тармакка багытталган, дүйнөдөгү ири Discovery Networks телевизиондук чагылдыруу уюму Кыргызстанга келүүгө кызыкдар. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Discovery Networks уюмунун Вице-президенти, башкы операциялык директору Джеймс Куктун жазган катында, “Биздин кызматташуулар ар тараптуу болуп, биздин контентти сиздердин аймакка жайылтуу, сиздердин өлкөдө билим берүү жана спортту өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана калкка бул багытта жардам берүү болуп саналат. Биздин уюм Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү ири долбоорлорго жана келечекте өлкөнү дүйнөгө таанытуудагы ири пландарга катышууга кызыкдар”,-деп жазылган.
Discovery Networks уюмунун өкүлчүлүгү Кыргызстанга августтун экинчи жарымында келери күтүлүүдө.
Тиркеме: Discovery Networks – дүйнөнүн 155 мамлекети көргөн спутник жана кабельдик канал. Корпорацияда 4500 кызматкер эмгектенет. Телеканал илим билим жаатындагы документалдык көрсөтүүлөргө жана спортко багытталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмү