29
Август
КР Өкмөтүнүн жумушчу тобу Москвага учуп кетти
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобу каза болгондордун сөөгүн алып келүү үчүн Москвага учуп кетти. Мындай чечим 28-августта Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөргөн жыйында кабыл алынды.
Жумушчу топтун курамына КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, КР Саламаттык сактоо министрлигинин жана КР миграция кызматынын өкүлдөрү жана каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер, психологдор кошулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен маркумдардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт бөлүндү.
Ошондой эле жыйында Москвада каза болгон мекендештердин бир туугандарына, жакындарына жардам берүү үчүн Өкмөт алдында атайы штаб түзүү боюнча чечим кабыл алынды.
Каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү жана акыркы сапарга узатуу боюнча бардык чыгымдарга тийиштүү маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү