14
Октябрь
2016
Рафик Мамбеталиев КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы милдетин аткаруудан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Мамбеталиев Рафик Соорбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү