13
Август
2015
Вице-премьер-министр А.Маматалиев: «Боом капчыгайында жол толугу менен ачылды»
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Боом капчыгайындагы жол эки тарапка карай толугу менен ачылгандыгын билдирди. Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр жарандардын ыңгайсыз шарттарга учурагандыгы үчүн кечирим сурап, азыркы учурда жол эки тарапка карай толук ачылгандыгын кабарлады.
Ошондой эле учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министирлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан жаратылыш кырсыгынын себептерин изилдөө иштери жүрүп жатат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү