28

Май

2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн бир катар аскер кызматкерлери сыйланды

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгын майрамдоонун урматына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бир катар аскер кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койду.

Аскердик кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан саат менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Сейдалиев Самат Сабырбекович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматкери;

- Мамыралиев Талант Райымович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматкери;

- Токсонбаев Уланбек Токтосунович, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскер кызматкери;

- Жумабаев Эркинбек Кубатбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкери.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкү жактарга алкыш жарыяланды:

- Кыштообаев Болот Жумабекович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматкери;

- Шамуратов Мирлан Жанболотович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматкери;

- Шергазиев Кубат Жоломанович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматкери;

- Избышева Ирина Владимировна, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскер кызматкери;

- Дилдаева Бактыгуль Зарлыковна, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери;

- Иманбеков Айдарбек Адылбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкери;

- Тюркенов Болотбек Мейманбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкери;

- Бачиева Татьяна Ахматовна, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкери.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү