23
Ноябрь
2017
Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Матраимов Райымбек Ысмайылович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү