12

Февраль

2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын унаа транспортун каттоодон өткөрүү маселеси боюнча түшүндүрмөсү

Автоунаа ээлери Кыргыз Республикасында унаа ээлеринин транспортту каттоодон өткөрүү абалына тынчсыздануусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты түшүндүрмө берет:

Бажы биримдигинин 2011-жылдын 9-декабрындагы №877 «Дөңгөлөктүү транспорттук каражаттардын коопсуздугу жөнүндө» Бажы биримдигинин техникалык регламентине ылайык,  интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөр ЕАЭБ аймагына үчүнчү мамлекеттерден алынып келинген транспорттук каражаттардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды кабыл алуга милдеттүү.

2017-жылдын 12-февралынан тарта Кыргыз Республикасы өзүнүн ЕАЭБдеги милдеттенмелерин аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы №704-токтому аркылуу бекитилген, Кыргызстанга ЕАЭБге мүчө эсептелбеген мамлекеттерден киргизилген автоунаалар үчүн транспорттук каражаттарды каттоодо кошумча эрежелерди киргизет.

Белгилесек, аталган токтом долбоору бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылып, бизнес-коомчулук менен талкуудан өткөрүлүп, министрлик жана ведомстволор менн биргеликте макулдашуу процедураларынан өткөрүлгөн.

Аталган эрежелерге ылайык, МКК тутумунда транспорттук каражаттарды каттоодо ЕАЭБ Сертификациялоо жана сыноо лабораториялары боюнча органдардын бирдиктүү тизимине киргизилген лабораториялар тарабынан берилчү документ аркылуу жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз Аккредитациялоо борбору транспорттук каражаттардын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк бланктары жетиштүү жана аккредитацияланган сыноо лабораторияларынын бланктарын берүүгө даяр. Ошондой эле учурда Кыргыз Аккредитациялоо борбору сыноо лабораторияларын аккредитациялоону ишке ашырат, ал Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы менен түзүлгөн келишимге ылайык, бир ай ичинде жыйынтыкталат.

Лаборатория ЕАЭБ Сертификациялоо жана сыноо лабораториялары боюнча органдардын бирдиктүү тизимине киргизилет. Белгилесек, сыноо лабораториялары Бишкек шаарында жана башка аймактарда иштейт.

Учурда лабораторияларды жабдылышына байланшытуу МКК караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти 2017-жылдын 12-февралынан тарта убактылуу номур берүү менен катар убактылуу каттоону киргизет.

Буга катар маалымдасак, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, физикалык жактар аркылуу 2014-жылы 106 770 автоунаа, ал эми 2015-жылы 2282 унаа киргизилген. Ал эми 2016-жылы болгону 200 унаа киргизилген. Натыйжада, унаалардын көп бөлүгү өлкөнүн ЕАЭБге кире элек шартында киргизилген.

Айрым унаа ээлеринин ЖМКларда жана социалдык тармактар 2-3 жыл мурда республика аймагына киргизилген бир нече миңдеген автомототранспортту  каттай албай жаткандыгына тийиштүү билидрүүлөрүнө байланыштуу Өкмөт Аппараты Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын нормаларын эске салат:

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги №52 «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамына, «Автомототранспорттук каражаттарды каттоо жана эсепке алуу шарттары» Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:

- Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары ага тийиштүү автомототранспорттук каражаттарды алардын техникалык абалынан көзкарандысыз түрдө сатып алгандан тарта 5 сутка ичинде, же автомототранспортту кайра каттоого алып келген абал жаралгандан тарта 5 сутка аралыгында каттоого (кайра каттоого) милдеттүү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралдагы №65 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында автомототранспорттук каражаттарды жана ага тийиштүү прицептерди каттоо эрежесин бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык:

- Транспорттук каражаттардын ээлери, же алардын атынан пайдаланып жаткан, же алардын ишеним каты боюнча транспорттук каражат менен пайдаланып жаткан жактар аларды «Транзит» каттоо белгисинин мөөнөтү бүткөнгө дейре, же сатып алгандан, бажы тариздөөсүнөн, номер агрегаттарын алмаштыргандан, же каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө муктаж болгон абал жаралгандан тарта 5 сутка ичинде каттоосу же каттоо маалыматтарын өзгөртүүсү, ошондой эле катоо жери алмашылган учурда аларды каттоодон алып салууга милдеттүү.

Мында Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекстин 224-1-беренесине ылайык, «жер үстүндөгү транспорттук каражаттарды катоо эрежесин ээлери бузууда»:

- жер үстүндөгү транспорттук каражаттарды каттабай жана учетко койбогон учурда — жарандарга 10 эсептик көрсөткүчтө, кызматтык жактарга 20 эсептик көрсөткүчтө айыппул салынат.

Мындан улам Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт алып кирген жактар мыйзам тартибинде, өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуусуна көзкарандысыз түрдө 5 күн ичинде МКК тутумуна каттоого коюшу тийиш болгон.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты унаа ээлерин ар кыл жактардын чагымчыл чакырыктарына берилбөөгө чакырат, автомобилдик транспортту каттоо жана кайрадан каттоо процесси Экономика министрлиги жана мамлекеттик кааттоо кызматы тарабынан жөнгө салына тургандыгын белгилейт. Транспорттук каражаттын конструкциясынын коопсуздугу тууралуу күбөлүк айрым маалымат булактарында көрсөтүлгөндөй, Алматы шаарында эмес, Бишкек шаарында жана республиканын башка аймактарында берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү