12
Апрель
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлиги азык-түлүктөрдү экспорттоодо фитиосанитардык сертификатын алуу жол жобосун маалымдайт
Кыргызстанда Бишкек жана Ош шаарларыда катталган эки ИСО-МЭК 17025 фитосанитардык лабораториялар бар. 2017-жылдын 9-мартында Талас обласында дагы бир фитосанитардык лаборатория ачылды. Жакында Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен областарына дагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лабораторияларды курууну пландаштыруудабыз.
Лабораториялардын курулуу максаты жана кызматы
Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болуп киргенден тартып, ишкерлер тышкы рынокторго азык-түлүктөрдү экспорттоо үчүн фитосанитардык лабораториянын жардамы менен мүмкүнчүлүк ала алат. Экспорттоочулар фитосанитардык лабораториянын сертификатын албай туруп башка өлкөлөргө азык-түлүктөрдү сатуу укугу берилбейт.
Экспорттоого сертификат алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?
Азык-түлүктөрдү экспорттоо үчүн талап кылынган фитосанитардык сертификатты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин өсүмдүктөрдүн карантин департаментинин областтык башкармалыгына кайрылууга тийиш.
Керектүү документтерди толтурууда, төмөнкү маалыматтарга көңүл бурулат
• Арыз катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээси жок болгон учурда, өтүнмө арызы жокко чыгарылат.
• Арыздын бардык талаптарын калтырбай толтуруу ;
•-Экспорттоочунун аты-жөнү жана дареги, өтүнмө ээсинин юридикалык дареги көрсөтүлөт;
• азык-түлүктөрдү ташыган транспорттун үлгүсү, катталган номери.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелиши керек:
1) Келишимдин көчүрмөсү (контракт), Кыргыз Республикасынын аймагында экспорттоо учурдагы келишим жана анын негизинде түзүлгөн (контракт);
2) Өтүнмө ээсисинин жеке инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
3) Алынуучу азык-түлүктүн карантиндик соодадагы абалы жөнүндө чыгарылган корутундусу ;
4) Импорттоочу өлкөнүн өсүмдүктөрү карантини жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана белгиленген талаптар учурларда карантиндик соодадагы зыянсыздандыруу иштери;
Төмөндөгү себептердин негиздериде сертификат берүүдөн баш тартылат:
Документтердин толук топтомун толтурбай коюууда:
Документтердин жылы-мазмууну боюнча туура эмес маалыматтар толтурулса:
Импорттоочу өлкөнүн азык-түлүктөрү лабораториянын талаптарына жооп бербесе:
Экспорттоочу ишкер азык-түлүк товарларды 14 күндүн ичинде документтерди толук даярдап, берилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде мамлекеттик экспортоочу Бажы биримдигине мамлекеттик чек арадан чыгып кетүүсү милдеттендирилет.
Фитосанитардык лабораториялардын даректери
№ | Наименования | Адрес | Телефон |
1 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин өсүмдүктөрдүн карантин департаменти | Бишкек шаары: к. Маяковский к. 60 | 37-62-35; 37-63-11 |
2 | Бишкек шаардык өсүмдүктөрдүн карантин башкармалыгы | Бишкек шаары Маяковский к. 60 | +996705077777 +996550750272 |
Аймактагы өсүмдүктөрдүн карантин департаментти |
|||
3 | Баткен обласы | Баткен шаары Раззаков к. 13/1 | +996550750389 |
4 | Ыссык-Көл обласы | Каракол шаары Лиза Чайкина к. 18 | +996550750167 |
5 | Ош обласы | Ош шары Исанов к. 42 | +996550750372 |
6 | Жалалабад обласы | Жалал-Абад шаары Нефтяника к. 11 | +996772665961 |
7 | Нарын обласы | Нарын шаары Ленина к.101/16 | +996701727327 |
8 | Талас обласы | Кара-Бура району, Кызыл-Адыр айылы Больничний к. 22. | +996 771359847 |
Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы | |||
1 | Өсүмдүктөрдүн борбордук карантин лабораториясы | Бишкек шаары Маяковский к. 60 | 0-312-37-63-21 +996550750286 |
2 | Ош обласынын өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы | г. Ош, Исанов к. 42 | +996550750346 |
3. | Талас обласынын өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы | Кара-Бура району, Кызыл-Адыр айылы, Больничная к. 22 | +996 771359847 |
Арызды кабыл алуу күндөрү: дүйшөмбү – жума саат 09-00-13-00