15

Июнь

2017

Улуттук крипвалютаны киргизүү демилгеси тууралуу түшүндүрмө

Улуттук крипвалютаны киргизүү  мүмкүндүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков крипвалютаны киргизүүгө багытталган чечимге кол койгон эмес.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Торговый дом Кыргызстан» ишканасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан крипвалюталарды чыгаруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укук берген эмес.

2017-жылдын 14-июнунда www.iz.ru  сайтына басылып чыккан, Кыргызстан крипвалюталарды чыгарууга даярданууда деген маалымат чындыкка   дал келбейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү