06
Март
«Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү фондунун» ишмердүүлүгү жөнүндө жарыялоолорго тийиштүү түшүндүрмө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку Кеңештин 5-марттагы «Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү фондунун» ишмердүүлүгү жөнүндө кеңешмесинин жүрүшүн чагылдырган ЖМКлардагы жарыялоолорго тийиштүү төмөнкүлөрдү билдирет.
«Центерра Голд Инк» КР Өкмөтүнүн онкологиялык оорулардын санын кыскартуу жана онкологиялык ооруларды дарылоо натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча демилгесин колдоо максатында Стратегиялык келишим түзүүдө 10 млн АКШ долларын бөлүүгө макулдугун берген.
Аталган каражаттарды берүү шарты катары көзкарандысыз Онкологиялык кызматты колдоо фондун түзүү болгон, анн каражаты байкоочу кеңеш тарабынан башкарылышы каралган, Кеңештин милдети катары Фонд тарабынан уставдык документтердин талаптарынын аткарылышын жана ишмердүүлүктү уюштурулганда коюлган конкреттүү максатка ылайык жүргүзүүнү камсыздоо болуп саналат.
Фонддун маанилүү милдети болуп, каражаттарды пайдалануунун айкындуулугун, анын ичинде байкоочу кеңешке ЖК депутаттарын жана жарандык коом өкүлдөрүн тартуу аркылуу камсыздоо болуп саналат, учурда алар өз ишин баштаган.
«Центерра Голд Инк» тарабынан сунушталган байкоочу кеңеш институту аркылуу башкаруу механизми каражатты бюджет аркылуу багыттоо мүмкүндүгүн четке кагып, натыйжада, Канаданын корпоративдик антикоррупциялык укугу ага чет өлкөлүк өкмөттөргө салыктык жана милдеттүү төлөмдөрдү эсепке албаганда, түз каржылоо мүмкүндүгүн бербейт.
Белгилесек, Фонд республикадагы онкологиялык оорудан жабыркаган бейтаптарга медициналык тейлөө көрсөтүү сапатын жогорулатуу, аталган ооруларды кыскартуу жаатындагы потенциалды өстүрүү жана оорунун алдын эртелеп алуу, өлкөнүн онкологиялык кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түзүлгөн.
«Центерра Голд Инк.» келишим алкагында 10 млн АКШ долларын бөлөт, анын 7 млн доллары 2017-жылдын октябрь айында Фонддун эсептик счетуна келип түшкөн.
Белгилесек, аталган каражаттар Улуттук онкология борборун реконструкциялоону, онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн жабдууларды алууну, республикадагы изилдөөлөрдү жана башка агартуу иш-чараларын жүргүзүүнү каржылоо үчүн гана пайдаланылышы кажет.
Мындан тышкары, кабыл алнган Келишим алкагында тараптар Фонддун каражаттары өлкөнүн тийиштүү квалификациялуу, кредиттик жөндөмдүү, абройлуу финансылык мекемелеринде жайгаштырылаарын макулдашкан. Мында Фонд ар жылкы аудитордук текшерүүгө алынып, эл аралык стандартарга ылайык, корупцияга каршы туруу жана этикалык кодекс боюнча ички саясатка дуушар болот.
Белгилей кетүүчү нерсе, Фонддун каражаттарын чыгымдоонун айкындуулугун камсыздоо жана потенциалдуу жабдып туруучулар арасындагы атаандаштык шарттарды түзүү максатында, Өкмөт Фондго жабдууларды жана тийиштүү материалдарды мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу жүргүзүүнү сунуштаган. Улуттук онкология борбору үчүн сызыктык тездеткичти, МРТ жана башка жабдууларды сатып алууга тендер тууралуу жарыя 2018-жылдын 25-январында мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган, ал эми тендерге билдирмелер 30-мартта ачылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү