23

Июнь

2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Суу кодексине" толуктоо боюнча түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү”  жөнүндө мыйзам долбоор тууралуу өз позициясын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган мыйзам долбоорду Кумтөр долбоору 20 жылдан бери айлана-чөйрөгө өз таасирин тийгизип, бирок эч кандай мыйзам менен көзөмөлдөнбөгөнү үчүн иштеп чыккан. Өкмөттүн позициясы боюнча, мыйзам долбоор аталган ишмердикти мындан ары мыйзамдын чегинде жөнгө салынат.
“Центерра Голд” ишке ашырып жаткан долбоор ири долбоор болгондуктан, аталган кенди иштетүү маселелери чечүүнү талап кылат. Эгер Өкмөт тарабынан маселени чечүүнүн мыйзамдык аракеттери көрүлбөсө, Кумтөр долбоорунун токтоп калышынын кесепети абдан чоң болушу мүмкүн.

Өкмөт мүчөлөрүнүн пикири боюнча, өлкөдөгү бул ири долбоор токтобостон иштеши керек.  Учурда талкууланып жаткан мыйзам долбоор өз убагында мөңгүлөрдө жүргүзүлүп жаткан ишти мамлекеттик органдардын көзөмөлгө алышына жол ачат. Муну менен катар мыйзам долбоор Кумтөр долбоорунун үзгүлтүксүз иштешине шарт түзөт. Мындай талапты өз убагында Жогорку Кеңеш өкмөттүн алдына койгон.

Кыргызстандын жана чет өлкөлүк эксперттердин эсептөөлөрү боюнча, Кумтөр долбоорунун айланасында курч кырдаал түзүлүүдө, эгер тоо кен планын иштетүү жана жылып келе жаткан муз массасын токтотуу боюнча макулдашылган аракеттер көрүлбөсө, геотехникалык жана экологиялык терс кесепеттерди жаратышы мүмкүн. Мындай факттар Өкмөттү тиешелүү нормативдик-укуктук базаны даярдоого түрткү кылды.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоор өлкө экономикасы үчүн маанилүү салым кошуп, ошол эле учурда мөңгүлөргө тиешеси бар ишмердик жүргүзгөн субъекти кенди иштетүү таасири тийген мөңгү массасын башка жерге которууну милдеттендирет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү