12

Октябрь

2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүк борборунун англиялык соттогу М.Бакиевге карата доону чакырып алуу маселеси боюнча маалыматка тийиштүү түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору англиялык соттогу М.Бакиевге карата доону чакырып алуу маселеси боюнча  маалыматка тийиштүү төмөнкүлөрдү билдирет.

2016-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана «Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду» ЖАК атынан Лондондун Жогорку сотунда бир катар жоопкерлерден, анын ичинде Максим Бакиевге жана «АзияУниверсалБанк» (мындан ары «АУБ» ААК) ААК директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Михаил Наделге карата келтирилген зыянды кайтаруу тууралуу доо келтирген.  Доо арыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана «Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду» ЖАКтын «АУБ» ААКда жайгаштырылган депозиттерине келтирилген зыянга тийиштүү болгон.

2016-жылдын 5-сентябрында Лондон Жогорку соту М. Наделге каршы чечим чыгарып, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана «Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду» ЖАКка келтирген зыяны үчүн жоопкерчилигин көрсөткөн. Бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана «Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду» ЖАКына М.Наделден келтирилген зыянды башка жоопкерлерге каршы толук процесс жүргүзүүгө талап кылынган негиздүү чыгымдарсыз кайтарып алууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасы М. Бакиев «АУБ» ААКны банкротко жеткирүүгө жеке салым кошкондугу тууралуу көз-карашты кармануусун улантууда, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасына зыян алып келген.

Ишти токтотуу тууралуу билдирме Кыргыз Республикасынын М.Бакиевге карата кандайдыр бир келечектеги же башка укуктарына кесепетин тийбегидей түрдө берилген. Айрым процессуалдык моменттер такталган соң бул багыттагы иш улантылат, анын натыйжалары Кыргыз Республикасынын пикиринде, жыйынтыктуу болот.

Жогоркуларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын М. Бакиевге карата доосун чакырып алуусун анын аталган сот өндүрүшүндөгү жеңиши катары сүрөттөгөн маалыматтар чындыкка жатпайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору Кыргыз Республикасынын жана анын органдарынын жана уюмдарынын атынан жүргүзгөн ар-бир соттук жана арбитраждык өндүрүшү мамлекеттик бюджет каражаттарын минималдык чыгашага учуратуу менен максаттуу жыйынтыктарга жетүү принцибине негизделет.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана «Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду» ЖАКтын доо өндүрүшү бул принциптерди тыкыр жетекчиликке алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү