15

Октябрь

2016

Герман экономикасынын Борбор Азия боюнча чыгыш комитетинин аймактык директору Эдуард Кинсбрунер : Кыргыз Республикасынын айыл чарба жаатындагы мыкты экспорттук мүмкүндүгү бар

«Кыргыз Республикасынын айыл чарба жаатында мыкты экспорттук мүмкүндүгү бар. Биз асыл тукум мал чарбачылыгы, үй жандыктарын идентификациялоо, даяр продукцияны сертификациялоо жана айыл чарба жана атайы техниканы сатуу багыттарын жөнгө салууга кызыкдарбыз», - деди Герман экономикасынын Борбор Азия боюнча чыгыш комитетинин аймактык директору Эдуард Кинсбрунер бүгүн, 15-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратовдун Германиянын азык-түлүк жана айыл чарба федералдык министри Кристиан Шмидт жетекчилик кылган делегация өкүлдөрү-бизнесмендер менен жолугушуусунда.

Эдуард Кинсбрунер немец ишкерлеринин кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө карата кызыкдарлыгын билдирди.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов жолугушуу жүрүшүндө белгилегендей, Кыргызстан жана Германия ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана товар жүгүрүүнү жогорулатуу үчүн бардык тийиштүү шарттар бар.

“Кыргыз Республикасы болжол менен 185 млн адам жашаган Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү аталгандыгына бир жылдан ашуун убакты өттү. Бул сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогору эсептелинген ири рынок болуп саналат. Муну эске алуу менен Германия ишкерлери Кыргызстанды локалдык өндүрүш түзүү үчүн баштапкы аянтча катары карап, кийин өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ рыногуна чыгаруу мүмкүндүгүн алат. Бул өндүрүштү Кыргыз Республикасынын аймагына жайгаштыруу экономикалык жактан пайдалуу болушуна байланыштуу маанилүү саналат. Мындан тышкары, акыркы жылдары биз тараптан ишкердүүлүк жүргүзүү жана жана инвестицияларды коргоо жаатында инвестициялык абалды жакшыртуу жана мыйзамдык базаны өркүндөтүүдө чоң иштер аткарылды, бул чет элдик инвестицияларды тартууга жагымдуу шарттарды түзөт», - деди Олег Панкратов.

Жолугушууда тараптар өнөр жай өндүрүшү, финансы, туризм жана логистика жаатындагы кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө тийиштүү маселлердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү