15
Сентябрь
КР Өкмөтүнүн чечими менен ипотекалык насыя алуучулар үчүн жылдык пайыздык үстөк 12-14% дан 10%га дейре төмөндөтүлөт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби тууралуу убактылуу жобого иотекалык насыя алуу процедурасын жөнөкөйлөштүргөн өзгөртүүлөр киргизилген.
Аталган токтом аркылуу алуучулар тизмесин уюштуруунун бир гана булагы аныкталган, арыз берүүчү тийиштүү документтерди жашаган жери боюнча тапшырат. Бир булакты аныктоонун себеби катары ипотекалык насыя алуучулардын тизмесин уюштурууну жыйынтыктоо үчүн мамлекеттик органдар (иштеген орду боюнча) тарабынан катышуучулар тизмесин туура эмес уюштуруусу, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана шаар мэрияларына (Бишкек мэриясынан тышкары) тизменин өз мөөнөтүндө жөнөтүлбөгөндүгү жана башкалар эсептелет. Эми Программа катышуучулары тийиштүү анкетаны толтуруп, документтерди (паспорт, нике тууралуу күбөлүк жана балдардын күбөлүгүнүн, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, турак-жайга ээ болбогондугу жана акыркы 3 жылда турак-жай бүтүмүн жүргүзбөгөндүгү тууралуу маалымдама) топтойт. Талап кылынган документердин санынын кыскартылышы насыя алууда документерди чогултууда Программа катышуучуларынны абалын бир кыйла жеңилдетет.
Тажрыйба көрсөткөндөй, займчылар 15 жылдык мөөнөткө кепилдик берүүчү адамды табууда бир топ түйшүккө кептелип, Программаны жүзөгө ашырууда кедерги болуп калууда. Буга байланыштуу аталган талап алынып салынды. Буга катар кошумча күрөө коюлган учурда катышуучу насыяны алгачкы төлөмсүз ала алат.
Ошондой эле Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу аркылуу Программа катышуучуларын кеңири камтуу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга 3,3 млрд сом көлөмүндөгү бюджеттик ссуда берүүнү караган чечим кабыл алынган. Аталган сумма орточо алганда, 3 миңден ашуун жаранга ипотекалык насыя алууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетүүчү нерсе, акционердик коомго берилүүчү бюджеттик ссуданын жылдык пайыздык үстөгү 5% дан 3% га дейре төмөндөтүлөт. Өкмөт аркылуу калктын катмарын Программага көбүрөөк камтуу, ипотекалык насыяны алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү жана турак-жайга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыялоонун мүмкүндүгүн кеңейтүү үчүн зарыл чаралар кабыл алынды.
Учурда ипотекалык насыя алуучулар үчүн жылдык пайыздык үстөктү 12-14% дан 10%га дейре төмөндөтүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн буйрук долбоору министрлик жана ведомстволордо макулдашуу процедурасынан өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү