29

Декабрь

2016

Казакстан Республикасы бажы инфраструктура обьектилерин техникалык жактан камсыздоого жана лабораторияларды модернизаациялоого 7,5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү алгачкы траншты бөлөт

2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосунда Евразиялык экономикалык интеграция шартында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө келишим жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосунда көмөк көрсөтүү тартиби жана аны пайдалнуунун көзөмөлдөө жана финансы-техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Протоколго кол коюлган.

Келишим жана Протоколдор Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Жол картасынын иш-чараларынын каржылоо максатында Казакстан Республикасы тарабынан 100 млн АКШ доллары суммасында техникалык көмөк көрсөтүүнү карайт, ал каражаттар бажы инфраструктура обьектилерин техникалык жактан камсыздоого жана сыноо лабораторияларын модернизациялоого багытталат.

Келишимге ылайык, көмөк баскыч-баскычы менен берилет. Биринчи этапта Кыргыз Республикасына 7,5 млн АКШ доллары берилмекчи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү