17

Январь

2017

«Боинг-747» авиа кырсыгынан каза болгон 34 жарандын сөөгү туугандарына берилди

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо минисрлигинин маалыматы боюнча Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна мурдараак келип түшкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи СУ айылындагы «Боинг-747» авиа кырсыгынан каза болгон 37 жарандын сөөгүнүн өздүгү таанылды.

Авиа кырсыктан кийин каза болгондордун туугандары 34 сөөктүн баарын алып кетишти. Азыркы учурда өлүкканада учактын экипажынын үч мүчөсүнүн сөөктөрү турат. Азырынча Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна дагы бир экипаж мүчөсүнүн сөөгү алынып келине элек. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министриги кырсык катталган жайда издөө иштерин улантууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү