07
Январь
Өкмөт Аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев: Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгууда жарандык коомдун бардык сунуштары эске алынат
Ыйман, адеп жана маданият жылын ийгиликтүү өткөрүү үчүн иш-чаралар планын иштеп чыгууда жарандык коомдун бардык сунуштары эске алынат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев билдирди.
Өкмөт Аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы катары жарыялаган Жарлыгына ылайык, Өкмөт тараптан жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети уюштурулат.
Мындан тышкары, уюштуруу комитети бир айлык мөөнөт ичинде Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгат. Анда артыкчылыктуу багыт катары мамлекеттик органдардын жана коомдун Кыргызстан элинин адеп-ахлак баалуулуктарын өзүнө камтыган жаранды жана заманбап көз-карашты калыптандыруу боюнча күч-аракетин координациялоо жагы каралышы зарыл.
Өкмөт Аппаратынын жетекчиси белгилегендей, аталган Иш-чаралар планын иштеп чыгууда бардык мамлекеттик органдар менен ведомстволор жигердүү катышуусу зарыл, бул багытта өлкө Президенти тарабынан жарыяланган Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагындагы иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн жарандык коомдун бардык сунуштары эске алынат.
Акылбек Осмоналиев маалымдагандай, Өкмөт жетекчилиги башында турган уюштуруу комитетинин курамына мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана жарандык сектор өкүлдөрү кирет.
Белгилесек, өлкө Президентинин «2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы катары жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир катар иш-чараларды өткөрүү сунушталган, атап айтканда:
1) Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлсүн;
2) Бир айдын ичинде Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш чаралардын планы иштелип чыксын жана анда артыкчылыктуу багыт катары төмөнкүлөр каралсын:
- мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун Кыргызстан элинин адеп-ахлак баалуулуктарын өзүнө камтыган жаранды жана заманбап көз-карашты калыптандыруу боюнча күч-аракетин координациялоо;
- ар бир баланын жөндөмдүүлүгүн жана талантын аныктоонун жана колдоого алуунун натыйжалуу тутумун иштеп чыгуу, заманбап билим берүү, жаштар, демографиялык, маданий жана диний саясат системасын түзүү;
- өз ара урматтоо, көмөк көрсөтүү жана жарандык тилектештик, жүрүм-турумдук жана укуктук маданият тууралуу оңдуу мисалдарды кеңири жайылтуу;
3) жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттешүү аркылуу Ыйман, адеп жана маданият жылынын иш-чараларын чагылдыруу жана анын идеясын жайылтуу боюнча натыйжалуу маалыматтык ишти камсыздоо.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү