08

Август

2017

Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев: Өкмөт эл алдында апрель революциясынын катышуучуларынын эмгегин жогору баалайт

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл алдында апрель революциясынын катышуучуларынын эмгегин жогору баалайт.

Биз өлкөнүн келечеги үчүн өз жанын берген мекендештерибиздин жогорку баасы толук түрдө акталарына ишенебиз. Азыр Кыргыз Республикасы – демократиялуу башка мамлекет болду», —деди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев бүгүн, 7-августта, 2010-жылдын апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Премьер-министрдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучуларына эл алдындагы эмгеги үчүн Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырып, баарына тынчтык жана ийгилик каалады. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары» жана «Апрель байрагы» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган сааттар менен сыйлап, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан бир катар активисттерге ыраазычылык жарыялады.

[su_carousel source="media: 100906,100907,100908,100909,100910,100911,100912,100913,100914,100915,100916,100917,100919" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү