01

Октябрь

2016

КР Өкмөтүнүн Аппартынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Токтогул районундагы «Осмон-Ата» сезондук ченемдөө бассейнинин ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппартынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев бүгүн, 1-октябрда Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Токтогул районуна бир күндүк жумуш сапары менен барып,  «Осмон-Ата» сезондук ченемдөө бассейнинин ачылышына катышты.

«Осмон-Ата» сезондук ченемдөө бассейнинин пайдаланууга берилиши менен, жалпы 1200 гектар сугат жер сугат суу менен камсыздалат. Мындан сырткары Үч-Терек айыл аймагындагы Ак-Терек жана Саргата электр энергиясы менен иштеген насостук станциялар бошотулуп, электр энергиясына кеткен чыгамдар үнөмдөлөт.

«2014-жылдан баштап Өкмөттүн токтому менен “Атайын эсеп” ачылып, каражатты натыйжалуу пайдалануу үчүн байкоочу кеңеш түзүлүп, курулуш иштерин уюштурууга дирекция уюштурулган. Мурдагы 43 млн. Сомдун ордуна ушул жылы мыйзамга өзгөртүү киргизилип, “Атайын эсептин” каражаты жылына 70 млн. cомго жетти», - деди Акылбек Осмоналиев.

Мындан сырткары Өкмөттүн  Аппартынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Торкен айылында курулуп жаткан 225 орундуу мектептин курулушу жана Көтөрмө айылынын сугат жерлерин суу менен камсыз кылуучу Көтөрмө насостук станциясынын курулушу менен таанышты.

Соңунда Ничке-Сай айылындагы “Күрөң” каналынын калыбына келтирүү иштерин көрдү. Калыбына келтирүү иштери бүтөрү менен Ничке-сай айыл аймагында 206 гектар жер сугат суу менен камсыздалып, 150 гектар жер жаңы өздөштүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү