10

Октябрь

2017

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Штабдын жетекчеси болуп Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын курамына киргизилгендер:

- Момуналиев Нурханбек Сакенович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары;

- Айдарбеков Айбек Акматбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, республикалык штабдын мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү