02

Сентябрь

2015

Парламенттик шайлоолорго талапкер катары катталган мамлекеттик орган кызматкерлери ээлеген кызматтарын бошотууда

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев мындан мурдараак Жогорку Кеңешке болгон шайлоолорго саясый партиялардын тизмеси боюнча талапкер катары катталган мамлекеттик орган кызматкерлери өз каалоосу боюнча ээлеген кызматтарын боштуусун талап кылган. Өкмөт башчынын айтымында, мындай чара Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер катары катталган жактар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү камсыздоо максатында зарыл. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев, Чүй облусундагы Жайыл районунун мамлекеттик администрация жетекчиси – аким Бахтияр Карамшаков, Баткен облусундагы Лейлек районунун мамлекеттик администрация жетекчиси – аким Марпат Ташполотова жана Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри Кыянбек Сатыбалдиевдер кызматтан кетүү тууралуу өтүнүчүн келтиришти. Белгилесек, мындан мурда финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин директору Дүйшөн Сатыбалдиев, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Шералы Абдылдаевдер кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын беришкен. Ошондой эле Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаев, Мамлекеттик бажы кызмат төрагасынын орун басары Таалай Масабиров жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиевдер кызматынан кетишкен. Аталгандардын бардыгы депутаттыкка талапркерлердин тизмесинде катталган. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү