24
Ноябрь
2016
Русланбек Жуманазаров Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-ноябрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Жуманазаров Русланбек Сатымкулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү