28

Май

2016

Мамлекетик чекара кызматынын бир катар аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан саат менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекетик чекара кызматынын бир катар аскер кызматкерлерине өкмөттүк сыйлыктар ыйгарылды.

Аскердик кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен Кыргыз Республикасынын Мамлекетик чекара кызматынын төмөнкү аскер кызматкерлери сыйланды:

- Жангазиев Бакытбек Зарылбекович, 2030-аскердик бөлүктүн командири, полковник;

- Омуралиев Элдар Акылбекович, 2022-аскердик бөлүктүн «Капчыгай» чекара тозотунун начальниги, капитан.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан Кыргыз Республикасынын Мамлекетик чекара кызматынын төмөнкү аскер кызматкерлерине алкыш жарыяланды:

- Сопуев Кадырбек Бейшеналиевич, чекара көзөмөл башкармалыгынын начальнигинин орун басары, полковник;

- Асаналиев Максат Дамирович, 2051-аскердик бөлүктүн командири, полковник;

- Акунов Райымбек Абайбекович, начальнику пограничной заставы  войсковой части 2030-аскердик бөлүктүн «Орто-Суу» чекара тозотунун начальниги, капитан;

- Чоколоева Сажира Тентимишевна, маалыматтык камсыздоо башкармалык бөлүмүнүн начальниги, капитан.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү