15
Февраль
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилерине сөгүш берилди, бир нече жетекчини кызматынан бошотуу сунушталды
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилерине сөгүш берилип, бир нече жетекчини кызматынан бошотуу сунушталды. Тиешелүү сунушту Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында киргизди. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу маселе каралган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады.
Тейлеген чөйрөлөрү боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кошумча баяндама жасашты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшүн талкуулоонун жыйынтыгы боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповго
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Айбек Бегимкуловго
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Рахат Исаковго
- Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Бактыбек Алайчиевге
- Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Мелис Райымкуловго
- Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Кеңеш Салиховго
- Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баймурат Бекмуратовго
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Эмильбек Абдыкадыровго
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Данир Иманалиевге
- Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Жакыпбек Субагожоевге
- Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Бектеналы Дүйшебаевге сөгүш берүү сунушталды.
Муну менен катар Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Гүлбарчын Исаковага, Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Музафаржон Мамасаидовго жана Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ниязбек Козуевге сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды.
Ошол эле учурда:
- Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбековду
- Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дуйшебаевди
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытовду
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкуловду
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаевди
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиевди
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.
[su_carousel source="media: 129427,129428,129429,129396" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү