21
Июль
2018-жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тест тапшыруу башталат
2018-жылдан тартып, кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тесттен өтүү мүмкүнчүлүгүн ала алышат. Мындай талап «Мамлекттик тил жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарда белгиленген. КР Мамлекеттик кадр кызматы бүгүнкү күндө кыргыз тилин билүүгө тийиш болгон мамлекеттик кызмат орундарынын тизмесин иштеп чыгууда. Тиешелүү кызмат орундары үчүн деңгээл КР Өкмөтү жакында эле бекиткен «Кыргызтест» бирдиктүү системасы менен коюлат.
Элементардык деңгээл (А1), базалык деңгээл (А2), орто деңгээл (В1), ортодон жогору деңгээл (В2), жогорку деңгээл (С1).
Тестирлөө Кыргыз Республикасынын Президентинин "2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү улуттук программасы жана тил саясатын алдыга жылдыруу» жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлөт.
"Кыргызтест" системасы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин TOEFL – англис тилин билүүсү боюнча тест, РКИ – орус тилин чет элдик тил катары билүү аналогиясы менен аныктайт.
«Кыргызтест» системасы Кыргызстандын жарандарынын (окуучулар, студенттер, мамлекеттик кызматкерлер ж.б) жана чет элдик жарандардын алардын билиминин тиешелүү нормалары менен окуу программаларына жана квалификациялык талаптарына ылайык аныктооого мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекеттик тил билимдеринин көлөмүн аныктоого мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге гана эмес, бардык каалоочу жарандар катыша алышат. «Кыргызтест» системасы боюнча толук маалыматтарды билүү жана компьютердик тестирлөөдөн сыноодон өтүү жөнүндө http://kyrgyztest.gov.kg/ сайтынан билүүгө болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү