18
Апрель
Бүгүндөн тарта Өкмөт мүчөлөрү парламенттин тармактык комитеттеринде Премьер-министрдин 2015-жылы аткарылган иштер тууралуу отчету боюнча маалымат беришет
Бүгүнкү күндөн тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылкы иши жөнүндө» отчету угула баштайт.
Алсак, бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылкы иши жөнүндө» отчетун угат.
Отчетту Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев сунуштайт. Парламенттин тармактык комитетинин жыйынына ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка бир катар мүчөлөрү катышмакчы.
Эртең, 19-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылкы иши жөнүндө» отчету парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу боюнча комитетинде, транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде жана экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттеринде каралат.
Отчетто белгиленгендей, 2015-жылы КР Өкмөтүнүн ишмердүүлүгү 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган стратегиялык багыттамаларды жана артыкчылыктарды ишке ашырууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылкы иши жөнүндө» отчету парламенттин тармактык комитеттеринде жана фракцияларында каралган соң, Жогорку Кеңештин жыйынына алынып чыгат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү