03

Ноябрь

2016

Бишкекте Кыргызстан жана Беларустун өкмөт башчыларынын катышуусунда тракторлорду чогултуучу цех жана айыл чарба техникасын тейлөө борбору ачылды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков бүгүн, 3-ноябрда, Бишкек шаарында «Автомаш Радиатор» ЖЧК базасындагы тракторлорду чогултуучу цехтин жана айыл чарба техникасын тейлөө борборунун ачылыш салтанатына катышты.

Мында тракторлорду чогултуучу жаңы цехтин жана радиаторлорду даярдоо боюнча заводдун өндүрүштүк циклинин бетачары өттү.

«Биз өлкөбүздүн өндүрүшүн жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноочу өндүрүштү ишке киргизип жатабыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков канагаттануу менен белгилегендей, Кыргызстанда Беларус заводунун өкүлчүлүгүнүн ачылышы – эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин көрсөткүчү. «Биз эки мамлекеттин аймагында мындан да ири долбоорлорду ишке ашыруубуз керек. Белорус тарап Кыргызстан менен өз-ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз салымын кошууга дайым даяр», - деди ал.

«Биздин дыйкандарыбыз «Беларус» маркасындагы тракторлорду жакшы билишет жана аны ишенимдүү техника катары баалашат. Бүгүнкү окуя алар үчүн жагымдуу жаңылык катары кабылданат деп ишенем», - деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков.

Ал Минск трактор заводунун жана «Автомаш Радиатор» заводунун жетекчилигине Кыргызстанда биргелешкен долбоорду ишке киргизүү боюнча аткарылган иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Баштапкы баскычта заводдо 1000 «Беларус» трактору чогултулат. Биргелешкен өндүрүштүн чыгарган продукциясы агрардык тармакка багытталат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин м.а. Турдуназир Бекбоев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Виктор Денисенко, «Минск трактордук заводу» ААК башкы директору Федор Домотенколор катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү