07

Апрель

2018

Сапар Исаков кыргыз-өзбек чек арасында болгон инцидентти дыкат териштирүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тийиштүү ведомстволорго чек арадагы өзбек тараптын катышуусунда болгон инцидентке дыкат териштирүү жүргүзүү тапшырмасын берди. Эске салсак, бүгүн, 7-апрелде, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мамай тилкесинде белгисиз себептерден улам өзбек чек арачылары Кыргыз Республикасынын жаранына ок чыгарган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, инциденттен кийин 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.Ф.М. Кыргыз Республикасынын аймагында каза тапкан. Кырсык болгон жерге ыкчам топ жөнөп кетти. Тийиштүү кызматтар инциденттин себептерин жана жагдайларын изилдеп жатышат.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү