25
Октябрь
Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ереван шаарында (Армения Республикасы) Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен сүйлөшүү өткөрдү.
Жолугушуу маалында Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев тар чөйрөдө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын биринчи вице-премьер-министрлери башында турган делегациялар менен бирге Жол картасы долбоорун иштеп чыгууну талкуулашты. Андан соң жолугушуу эки тараптан барган расмий делегациялардын катышуусунда кеңири курамда уланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтык жана 48 пункттан турган эки өлкө ортосундагы бардык маселелерди чечүүгө багытталган Жол картасы долбоорун талкуулашты.
Премьер-министрлер тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго Жол картасы долбоорун ыкчам түрдө аягына чыгарууну тапшырышты.
Белгилей кетсек, эки мамлекеттин Өкмөт башчыларынын жолугушуусу Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын алдында өттү.
[su_carousel source="media: 106353,106354,106355,106356" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү