14
Январь
Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
Бүгүн, 13-январда, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференц-байланыш режиминде өттү.
Бишкекте өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин видеоконференц-байланыш режиминде өткөн кезектеги жыйынын Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) кеңешинин 2017-жылдагы төрагасы болуп бекитилген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов өткөрдү.
Евразия экономикалык Кеңешинин жыйынына Армения, Беларусия, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкүлдөрү жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин төрагасы Тигран Саркисян, ЕЭКколлегия (министрлер) мүчөлөрү катышты.
Жыйындын соңунда товарлардын тизимине атайын бажы процедураларынын коюлушуна карата өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.
Товарлардын тизмесине эл аралык автомобилдик ташууларды, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берүүчү бланктар жана эл аралык ташуулардын китепчеси киргизилди. Уруксат берүү бланктары жана эл аралык ташуулар китепчесине товарларды атайын бажы жол-жоболорун төлөбөстөн, бажы алымдарысыз жана салыксыз жайгаштырууга болот. Бул ишкердик чыгымдарын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле бажы иш чараларын ылдамдатат жана жөнөкөйлөтөт.
Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин агроөнөржай комплексинин божомолдору менен биргеликте, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн суроо-талабына жана сунуштарына жараша 2016-2017-жылдарга негизги айыл чарба азыктарынын түрү боюнча союздаш мамлекеттердин уюмдары, жабдыктар үчүн биримдикке кирген мамлекеттердин колдонуусу үчүн багытталган буйругу бекитилди. Аны менен катар ЕАЭБ өндүрүлгөн айыл чарба азыктарына жана техникаларына суроо-талапты жогорулатуучу чаралар жактырылды.
Мындан сырткары ЕЭК кеңеши Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте кооперативдик кызматташуу боюнча өз ара пайдалуу багыттардын тизмегин жактырды. Мындай биргелешкен механизм өндүрүш тармагында кызматташууда интеграциялык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат.
Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык союзунун айыл чарба тармагын көтөрүүдөгү конкреттүү ишке ашырылуучу чараларды камтыган долбоору колдоого ээ болду.
Мындан долбоордун максаты – ЕАЭБ кирген мамлекеттер арасында айыл чарба тармагын көтөрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү жолго коюу болуп эсептелет.
Кеңештин мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрү менен ЕЭК ортосунда мындай субсидияларды сунуштоого байланыштуу териштирүүлөрдү комиссия аркылуу жөнгө салган өнөр жай товарларына карата спецификалык субсидияларды жана документтерди ыктыярдуу макулдашуу тууралуу келишимди кабыл алышты.
Келишимге ылайык, 2017-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө комиссия менен спецификалык субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу мүмкүндүгү пайда болот. Аталган документтин жоболору биримдиктин жалпы рыногунда ак ниеттүү атаандаштык чөйрөсүн уюштурууга багытталат.
Муну менен бирге ЕЭК кеңеши айыл чарба тармагын мамлекеттик колдоого алуу жана ЕАЭБ биримдиктеги өнөр жай продукцияларын мониторингдөө тууралуу жобо жаатында ЕАЭБ өлкөлөрү алган милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн төлөм тартибин жактырды.
Белгилей кетсек 2017-жылы Евразия экономикалык союзунун органдарына төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү